Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Коргоо кеңешинин маалыматы

2014-жылдын 15-апрелинен тартып 25-апрелге чейин республиканын бардык облустарында 2014-2020-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек үстөлдөр өткөрүлөт

2014-жылдын 15-апрелинен тартып 25-апрелге чейин республиканын бардык облустарында 2014-2020-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын долбоорунунКонцепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ региондук тегерек үстөлдөрдү өткөрөт. Тегерек үстөлдүн катышуучулары ачык талкуулап, сунуштарын жана сын-пикирлерин айтышы үчүн Концепциянын бет ачары өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобу иштеп чыккан 2014-2020-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын долбоору 2014-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу коомдук эксперттик кеңештин кезектеги жыйынында талкуудан өттү. Талкуунун жүрүшүндө коомдук эксперттик кеңештин мүчөлөрү 2014-2020-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын долбоору боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын айтышты. Концепциянын долбоору өлкөдөгү диний кырдаалга ылайык  жазылгандыгы белгиленди.

Эскерте кетүүчү нерсе, Коргоо кеңешинин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча жумушчу тобу Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 3-февралындагы чечими боюнча түзүлгөн. Жумушчу топко Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, академиялык коомчулуктун, диний уюмдардын өкүлдөрү кирген.

Концепция боюнча жарандардын сунуштары жана суроолору [email protected] электрондук дареги боюнча кабыл алынат.

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ

2014-2020-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын долбоорун талкуулоо боюнча регионалдык тегерек үстөлдөрдүн графиги

Датасы:

Убактысы:

Шаар:

Өткөрүү жери:

15.04.2014

09:00-16:00

Ош шаары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн Аппаратынын имаратында

16.04.2014

09:00-13:00

Жалал-Абад шаары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн Аппаратынын имаратында

18.04.2014

09:00-13:00

Баткен шаары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн Аппаратынын имаратында

22.04.2014

09:00-13:00

 

Каракол шаары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн Аппаратынын имаратында

23.04.2014

09:00-13:00

 

Нарын шаары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн Аппаратынын имаратында

25.04.2014

09:00-13:00

 

Талас шаары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн Аппаратынын имаратында

 


 

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу коррупциялык тобокелдерди  жоюу боюнча Жогорку аттестациялык комиссиянын ишин канааттандырарлык деп тапты

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясында коррупциялык тобокелдерди  жоюу боюнча такталган иш планды аткаруунун жүрүшү каралды.

Жумушчу тобу  аталган пландын ишке ашырылышын төртүнчү жолу мониторинг жүргүзүп жана баалап жатат.

2018-жылдын 11-январында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча  Пландагы 52 пункттун 30у (57%) аткарылган, 10 пункту  (19,2%) жарым-жартылай аткарылган, 12 пункту (23,8%) аткарылган эмес.

ЖАК коррупцияга каршы туруу маселесине жоопкерчилик менен мамиле жасагандыгы жана  илимий эмгектерди даярдоо, коргоо процессинде коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча сапаттуу иш аткаргандыгы белгиленди.

Отурумдун жүрүшүндө Жумушчу топ окумуштуулардын, илимий даражага талапкерлердин жана билим берүү уюмдарынын репутациялык жоопкерчилигин  күчөтүү аркылуу диссертациялык иштердин сапатын жогорулатуу зарылдыгына басым  жасады. Кандидаттык жана докторлук диссертацияларды  диссертациялык кеңештердин сайттарында онлайн комментарий жайгаштыруу жолу менен коомдук талкууга коюуну камтыган иш чараларды ишке ашыруунун зарылдыгы баса белгиленди.

Жумушчу топ ЖАКка диссертациялары четке кагылган илимий жетекчилердин “кара тизмесин” түзүүнү сунуштады.

Жумушчу топ бир бөлүгү аткарылган иш чараларды толуктап иштеп чыгууну жана аткарылбаган иш чараларды   аткарууну, ошондой эле ЖАКтын эксперттери тарабынан диссертанттардан мыйзамсыз акча алгандыгы тууралуу  катталган материалдарды  (кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктарын)  укук коргоо органдарына жөнөтүүнү сунуштады.

 

Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы 2013-жылдын 5-январында мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек участкасында чек аралык чыр-чатак болгондугун билдирет.

Кыргыз Республикасынын аймагындагы Баткен чек ара отрядынын “Чарбак” чек ара заставасынын участкасында электр өткөргүч чубалгыларынын темир бетон таянычтарын орнотуу боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Мамлекеттик чек ара тилкесинин өтүү маселелериндеги так эместиктер, ошондой эле тараптардын иштерди жүргүзүү боюнча аракеттеринин макулдашылбаганы Өзбекстан Республикасынын Фергана облусундагы (“Сох” анклавы) Сох районунун Хушьяр калктуу конушунун жашоочуларынын нааразычылыктарын жараткан. 

Өзбекстан жарандарынын агрессивдүү жүрүш-туруштарынын, алар тараптан күч колдонуунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек ара нөөмөтүнө кол салуунун кесепетинде Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары абага эскертүүчү ок атууга мажбур болушкан.

Кырдаалды жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын (КР МЧК) жетекчилиги Өзбекстан Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча комитеттин жетекчилиги менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, ошондой эле жеринде тараптардын чек ара өкүлчүлүктөрүндө жаңжалдын күчөшүнө жол бербөө боюнча тараптардын зарыл болгон чараларды көрүүсү жөнүндө макулдашууларга жетишилген.

Ыкчам маалыматтар боюнча Сох анклавынын аймагында Кыргызстандын бир нече жарандары бар, аларды Кыргызстанга кайтарып алуу үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлүүдө. Өзбек тарап билдиргендей, Кыргызстандын жарандарына коопсуздук чаралары көрүлгөн.

Коргоо Кеңешинин катчылыгынын координациясында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан төмөнкү чаралар ишке ашырылган жана көрүлүүдө:

- 7-январь күнү эртең менен КР чек ара ведомствосунун жетекчиси З.К. Тиленовдун Өзбек Республикасынын Чек ара аскерлеринин кол башчысы менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү болду. Ушул күндүн экинчи жарымында алардын жолугушуусу тууралу макулдашууга жетишилген. Жолугушуу предмети – жагдайды жөнгө салуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү;

 - Фергана облусунун хокими аны Фергана облусунун ИИБ начальниги менен бирге КР МЧКнын “Кайтпас” өткөрүү жайы аркылуу “Сох” анклавына өтүүсүнө уруксаат сураган. Бул өтүнүч орундатылды;

- “Чарбак” чек ара заставасынын жүргөн Баткен облусунун губернаторуна чыр-чатактуу кырдаалды чечүү, эки тараптын калкынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгы боюнча Фергана облусунун хокими менен жолугушууга сунуш берилген;

- “Сох” анклавынын айланасындагы чек ара контролдоо жайлары жагдай жөнгө салынганга чейин убактылуу жабык бойдон калууда;

- КР Премьер-министри Ж.Ж. Сатыбалдиевдин көрсөтмөсү менен КР ички иштер министри Ш.Е. Атаханов Баткен облусуна жөнөтүлгөн.

Жагдайга шайкеш түзүлгөн башка чаралар көрүлүүдө.

Инциденттин жериндеги абалынын өнүгүүсү Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин көзөмөлүндө турат.

Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы


 

Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы: Өзбек Республикасынын Сох анклавынын аймагында барымтага алынгандар бошотулду

Кыргызстандын Коргоо Кеңешинин катчылыгы үстүбүздөгү жылдын 5-январында кыргыз-өзбек чек арасында болгон чыр-чатактан кийин Өзбек Республикасынын Сох анклавында барымтага алынган адамдардын бошотулушу жөнүндө билдирет.

16 саат 15 мүнөткө карата барымтадагылардын бардыгы (16 адам, Кыргыз Республикасынын жарандары) бошотулган жана кыргыз тарапка өткөрүп берилген. Өзбек тараптын билдирүүсү боюнча алардын аймагында башка барымтага алынгандар жок.

Азыркы учурда кырдаалды андан ары турукташтыруу жана чек ара чыр-чатагынын күчөшүнө жол бербөө боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы


2012-жылдын 22-ноябрында коргоо Кеңешинин Катчысы Б.Табалдиев Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун (ЖККУ) Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин жана ЖККУ мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын Комитетинин биргелешкен жыйналышына катышты, ал Санкт-Петербург шаарында биринчи жолу ушул форматта өттү.

Аталган жолугушууда ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин жамааттык коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин чечүүдө ЖККУ ПАнын Коопсуздук кеңешинин катчыларынын Комитети менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө, Афганистандан коалициялык күчтөрдү чыгаруунун кесепеттери тууралу, ЖККУнун күндөлүк ишмердиги жана Москва шаарында ЖККУ мамлекет башчыларынын Жамааттык коопсуздук кеңешинин декабрдагы сессиясына даярдык көрүүнүн жүрүшү жөнүндө маселелер каралды.

Жыйналыштын ишинин жүрүшүндө Б. Табалдиев сөз сүйлөдү, анда 2013-жылы ЖККУ төрагалыгына КР даярдыгы жана 2014-жылы Афганистандан Коопсуздукка Жардам көрсөтүүнүн Эл аралык Күчтөрүн чыгаруунун алдында КР тарабынан көрүлүүчү чаралар жөнүндө маалымат камтылган.

ЖККУ ПАнын биргелешкен жыйналышынан кийин ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жана ЖККУнун башкы катчысынын катышуусу менен чакан форматта РФ Коопсуздук кеңешинин Катчысы Н. Патрушевдин төрагалыгы астында жумушчу кеңешме өттү. Кеңешменин жүрүшүндө Москва шаарында ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын жогоруда айтылган декабрдагы сессияга даярдык көрүүсүнүн алкагында Жамааттык коопсуздук кеңешинин күн тартибинин айрым маселелери боюнча пикир алышуулар болду.

Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы


2012-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жайгашкан ордун белгилөө жөнүндө” Жарлык менен Мамлекеттик чек ара кызматынын Борбордук Аппаратын жана Башкы штабын Ош шаарынан борборго кайра жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Бул чечим бир катар маанилүү факторлор менен шартталган.

Атап айтканда, КР МЧК башкаруу органдарынын жогорку аскердик-саясый жетекчиликтен ажырап, байланыштын үзүлүүсү мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча алдыга коюлган милдеттерди сапаттуу аткарууга мүмкүндүк берген эмес, ошондой эле аткаруу бийлигинин борбордук органдары менен өз ара байланыш жетишсиз түрдө ишке ашырылып жаткан.  

Мындан тышкары, инфраструктуранын курулушуна, материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга жана чек ара ведомствосу үчүн кадрларды даярдоого жардам көрсөткөн негизги эл аралык уюмдар - МОМ, ОБСЕ, ПРООН ЕС БОМКА/КАДАП ж.б. менен болгон кызматташтыктын деңгээли төмөндөгөн.

Ошондой эле, өз кезегинде Чек ара кызматынын жайгашкан ордун Ош шаарына которуу офицер-чек арачыларды турак-жай менен камсыз кылуу боюнча бир катар социалдык-турмуш тиричилик көйгөйлөрдү жараткандыгын, Бишкек шаарында ар кандай деңгээлдердеги кеңешмелерге катышуу үчүн иш сапар жана транспорттук сарптоолорго чыгымдардын ашыкча жогорулоосун белгилей кетүү керек.

Маалымдама: аскер кызматчылар-чек арачылардын турак-жай жалдап алууга кредитордук карызы 1 млн. 366 миң сомду, ал эми иш сапар жана транспорттук чыгымдар боюнча карыз – 2 млн. 592 миң сомду түзгөн.

Мамлекеттик чек араны комплекстүү башкаруунун Стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча аракеттер Планына ылайык, МЧКда структуралык өзгөртүүлөр пландаштырылган. Чек ара бөлүктөрүн тескөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча маселелерди ыкчам чечүү үчүн: Баткен облусу боюнча, Ош жана Жалал-Абад облустары, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча Региондук чек ара башкармалыктары түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы


25-ноябрда коргоо Кеңешинин Катчысы Б.Табалдиевдин ОБСЕ Катчылдыгынын Чыр-чатактардын алдын алуу боюнча Борбордун (ЦПК) директору, элчи Адам Кобиерацки (Польша) менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Маектешүүнүн жүрүшүндө КР менен ОБСЕнин бир катар актуалдуу кызматташтык маселелери боюнча пикир алышуулар болду. Атап айтканда, коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу жаатында өз ара аракеттенишүүнүн бир нече практикалык аспектилери, Кыргызстандын соттук жана укук коргоо системасында реформаларды ишке ашыруудагы күндөлүк көйгөйлөр жана маселелер эске алынды. Б.Табалдиев КР менен ОБСЕнин кызматташтыгын андан ары бекемдөө жана өнүктүрүүдөгү кызыгууну билдирди.  Элчи А.Кобиерацки өз кезегинде КР мамлекеттик органдарына, өзүнчө алганда КР ИИМ реформалоо боюнча долбоордун алкагында жардам көрсөтүүнү активдештирүүгө ОБСЕнин даяр экендигин тастыктады. Жолугушууга катышып жаткан ОБСЕнин Бишкектеги Борборунун башчысы элчи Сергей Капинос чек аралык коопсуздук, баңги заттардын мыйзамсыз жайылтылышына каршы күрөшүү жана башка маанилүү багыттар сыяктуу чечүүчү чөйрөлөрдү белгилеп өттү.

Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы


2012-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгынын жетекчилиги астында Куралдуу Күчтөрдүн аскер кадрларын даярдоонун Биргелешкен борборунун базасында Кой-Таш айылында Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасынын долбоорун талкуулоого арналган “тегерек стол” өткөрүлгөн.

Бул документтин долбоору Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, ИИМдин, УКМКнын, Чек ара кызматынын жана башка кызыкдар болгон министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан даярдалган.

Тегерек столдун жыйналышын Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин Катчысы, генерал-лейтенант Б.Табалдиев ачты, ал Аскердик доктринаны стратегиялык маанидеги документ катары мүнөздөп, анын азыркы учурда иштелип чыгуусунун себептерин жана актуалдуулугун белгиледи.

“Тегерек столдо” негизги баяндамачы болуп Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги – коргоо министринин биринчи орун басары, полковник И.Т. Субанкулов сөз сүйлөдү. Ал аскердик доктринанын долбоорунун түзүмүн жана жалпы мазмунун түшүндүрүп, анын аскердик-стратегиялык аспектилерине токтолду.

Коргоо Кеңешинин катчылыгынын өкүлү А.У. Курбанов жана Экономика жана антимонополиялык саясат министрлигинин эксперти Ю.М. Игонин аскердик коопсуздукту жана аскердик экономиканы камсыз кылуу системасына жетекчилик кылуу маселелери боюнча кошумча доклад менен чыгышты.

Аскердик доктрина тематикасы боюнча дискуссияларга төмөнкүлөр катышты: парламенттин депутаты, Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү, генерал-лейтенант И.И. Исаков, генерал – Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стратегиялык изилдөөлөрдүн улуттук институтунун илимий кызматкерлери, ошондой эле Россия Федерациясынын Генералдык штабынын Академиясын жана алыскы чет өлкөнүн жогорку аскердик-окуу жайларын аяктаган офицерлер катышкан.

Чыгып сөз сүйлөгөндөр бул документти даярдоонун маанилүү жана мезгилге шайкеш экендигин белгилеп өтүштү. Мындан тышкары, катышуучулар Аскердик доктринаны ачык талкууга алуу Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу болуп жаткандыгына өз көңүлдөрүн бурушкан.

Аскердик доктринанын долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө бир катар маанилүү жана конструктивдүү сунуштар айтылды, аларды эске алуу менен документтин акыркы варианты даярдалат.

Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы


 

Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун кеңешмесинде Энергетика жана өнөр жай минисрлигиндеги системалуу коррупцияны түп тамырынан жоюу боюнча комплекстүү чаралар каралды

 

2013-жылдын 7-декабрында, Кыргыз Республикасынын Коргоо минисрлигинин алдындагы Улуттук гвардияда Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгы Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо боюнча КР Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрлигинин ишмердигин талкуулоонун жүрүшүндө аталган министрликте коррупциялык укук бузуунун жаралышына шарт түзгөн негизги багыттар каралды.

Талкуунун жыйынтыгында көз карандысыз эксперттердин, министрликтин өкүлдөрүнүн, атайын кызматтардын жана укук коргоо органдарынын катышуусу менен  эксперттик топтун алдына жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алынды. Жумушчу топ энергосектордогу системалуу коррупциянын себептерин  терең талдоого алып, аларды демонтаждоо боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгууга тийиш.

Мындан тышкары жумушчу топтун жыйынында  компетенттүү эксперттерди,    коомчулукту кеңири тартуу менен, алардын интеллектуалдуу потенциалын бириктирип, Прогрессивдүү демилгелердин фонду менен кызматташуу чечими кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгы Кыргыз Республикасынын  Коргоо кеңешинин  жумушчу тобунун электрондук почтасы ачылгандыгын эске салат. Ал почтага мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын фактылары тууралуу маалыматтарды, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшкө тиешелүү  маселелер боюнча эксперттик  баалоолорду жөнөтүп турса болот.

Электрондук почтанын дареги: [email protected]

Кыргыз Республикасынын  Коргоо кеңешинин  жумушчу тобу