Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Соттук реформа боюнча кеңеш

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында соттук реформа боюнча Кеңеш жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында соттук реформа боюнча Кеңеш (мындан ары - Кеңеш) соттук реформа маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы кеңеш берүүчү жана консультациялык орган болуп саналат.

Кеңеш өлкөдө жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштарды даярдоо, мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот), Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңешинин (мындан ары - судьяларды тандоо боюнча Кеңеш), Кыргыз Республикасынын судьялар кеңешинин (мындан ары - судьялар Кеңеши) соттордун, укук коргоо органдарынын иш-аракеттерин уюштурууну жана анын тартибин, судьялардын статусун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды даярдоо жана кабыл алуу боюнча макулдашылган иштерин камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

Кеңеш өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

Кеңештин курамы мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бутактарынын, мамлекеттик башка органдардын, адвокатуранын өкүлдөрүнүн, окумуштуу-укук таануучулардан, саясий партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.

Кеңештин жыйналышын Кеңештин төрагасы өткөрөт. Кеңештин төрагасы жок болгондо, жыйналышты анын тапшыруусу боюнча Кеңештин мүчөлөрүнүн бири өткөрөт. Кеңештин мүчөлөрүнүн арасынан Кеңештин катчысы аныкталат.

Кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталыштарда катышат.

Зарыл учурларда Кеңештин ишине министрликтердин, ведомстволордун, мекемелердин өкүлдөрү, окумуштуу-укук таануучулар жана көз карандысыз эксперттер тартылышы мүмкүн.

 Кеңештин негизги милдеттери

 Кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- Кыргыз Республикасынын сот системасын, аны менен чектеш институттарды өркүндөтүүнүн институттарды т системасынөр бо боюнча мамлекеттик органдардын, соттук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашылган иштөөсүн жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу боюнча сунуштарды даярдоо;

- соттук-укуктук реформа боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоого катышуу;

- сот адилеттигинин органдарынын иштери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган материалдарды талдоо, сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун күчөтүү жана сот бийлигинин кадыр-баркын жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдоо;

- Кыргыз Республикасынын сот жана укук коргоо системаларын өнүктүрүүнүн болжолдорун даярдоо;

- соттук-укуктук реформалар маселелери боюнча башка мамлекеттер, ошондой эле эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

- соттук реформаны ишке ашырууга гранттык каражаттардын жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүчү иш-чараларды координациялоо.

Кеңеш ага жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизилүүчү маселелерди ар тараптан талдоо жана даярдоо максатында:

- республиканын сот жана укук коргоо системаларынын абалына баа берүү боюнча маалыматтык талдоо иштерин уюштурат жана бардык соттордон, сотторду тандоо боюнча Кеңештен, судьялар Кеңешинен, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинен, министрликтер жана ведомстволордон, уюмдардан, мекемелерден соттук реформаны даярдоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды сурап алууга укуктуу;

- соттордун, укук коргоо органдарынын иштерин уюштурууну жана анын тартибин жөнгө салуучу мыйзамдардын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү сунуштар менен рекомендацияларды даярдайт;

- соттордун, укук коргоо органдарынын иштерин уюштурууну жана анын тартибин, судьялардын статусун жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жана сунуштарына экспертиза жүргүзөт;

- өзүнүн жыйындарында соттук реформаны ишке ашыруу маселелери боюнча соттордун жетекчилеринин, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директорунун, укук коргоо органдарынын, аткаруу бийлик органдарынын кызмат адамдарынын маалыматтарын угат;

- сот жана укук коргоо системаларынын маселелери жана соттук реформаны ишке ашыруу боюнча илимий-изилдөө жана эксперттик баа берүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн окумуштуу-укук таануучуларды, адистерди, көз карандысыз эксперттерди ишке тартат;

- сот жана укук коргоо системасынын түзүлүшүнүн чет өлкөлүк тажрыйбаларын үйрөнөт, республиканын сотторун жана укук коргоо органдарын реформалоо программаларын эл аралык колдоолорду камсыз кылууну уюштуруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- чет өлкөлөрдөгү сот системаларынын жана сот өндүрүшүнүн өнүгүшү жана эл аралык сот органдарынын иштери тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине маалымат берет.

Соттук реформа боюнча Кеңеш жөнүндө Жободон