Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын маалыматы

Мамлекеттик жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн Президенттик стипендия ыйгаруу боюнча конкурс жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү маселелери боюнча комиссия 2016-2017-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окуу, илимий-чыгармачылык жана коомдук-маанилүү иште өзгөчө айырмаланган мамлекеттик жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн Президенттик стипендия ыйгаруу боюнча конкурска документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.

Ушуга байланыштуу Сиздерден талапкерлерди алдын ала тандоону жана конкурстук талаптарга жооп берген студенттерди сунуштоону суранабыз.

Конкурска мамлекеттик жогорку окуу жайларынын күндүзгү окуу бөлүмүнүн жакшы окуган бакалавриат программасы боюнча 3-курстун, ал эми 5 жылдык жана андан ашык программа боюнча 4-курстун студенттери, конференциялардын катышуучулары, конкурстардын жана олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, изилдөө ишин активдүү жүргүзгөн студенттер катыша алат.

Бирдей шарттар болуп калган учурда Президенттик стипендияларды ыйгарууда артыкчылык жетим балдарга, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга, бала кезинен майыптарга берилет.

Документтердин пакети төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

- ЖОЖдун ректорунун коштомо каты;

- ар бир факультеттин өңүтүндө күндүзгү окуу бөлүмүнүн студенттеринин саны жөнүндө маалымат;

-  ЖОЖдун илимий кеңешинин чечими;

- талапкердин резюмеси;

- өзү тууралуу эссе;

- талапкердин окуудагы, илимий жана коомдук иштердеги жетишкендиктерин, өзгөчө айырмалангандыгын ырастоочу башка документтер.

Документтер ушул жылдын 10-июнуна чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 205,
636-кабинет, конвертке “Конкурс” деген белги коюу керек.

 ________________________________________________________________________________________________________


Индияга квалификацияны жогорулатуунун кыска мөөнөттүү курстарына конкурс жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү маселелери боюнча комиссия Индия техникалык жана экономикалык кызматташтык программасы (ITEC) боюнча Индияга квалификацияны жогорулатуунун кыска мөөнөттүү курстарында 2014-2015-окуу жылында окууга конкурс жарыялайт.

Талапкерлерге коюлган талаптар:

  • курагы 25-45 жаш;
  • жогорку билим;
  • беш жылдан кем эмес жалпы иш стажы;
  • англис тилин билүү.

Талапкерлер үчүн зарыл болгон документтер:

  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын дарегине арыз (эркин формада);
  • фото сүрөтү бар анкета бир нускада (CD дискте Microsoft Office Word форматындагы электрондук версиясын тиркөө менен электрондук форматта толтуруу);
  • жалпы жарандык паспорттун (чет өлкөлүк паспорт) көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • дипломдун көчүрмөсү.

Курстар, табыштаманын формасы, талапкерлер үчүн шарттар жөнүндө толук маалыматтар http://www.itec.mea.gov.in расмий сайтында жайгашкан.

Техникалык багыттар боюнча курстар артыкчылыктуу болот.

Документтер:

-        2014-жылдын июлу-сентябры мезгилине пландаштырылган курстарга 2014-жылдын 30-майына чейин;

-        2014-жылдын октябры – 2015-жылдын марты мезгилине пландаштырылган курстарга 2014-жылдын 10-июнуна чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 205, конвертте “Конкурс, ITEC Индия, № 629 кабинет” деген белги болууга тийиш.

Маалымат алуу телефону: + 996 312 63 87 37, + 996 312 63 91 81.

Анкета >>>.


 

2014-2015-окуу жылында Кытайдын жогорку окуу жайларында магистратура, бакалавриат программалары боюнча окууга, ошондой эле бир жылдык тил үйрөнүү стажировкасына конкурс жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү маселелери боюнча комиссия 2014-2015- окуу жылында Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында магистратура, бакалавриат программалары боюнча окууга, ошондой эле бир жылдык тил үйрөнүү стажировкасына конкурс жарыялайт.

Магистратурада окууга талапкерлерден  талап кылынчу  документтер:

- резюме (орус жана англис тилдеринде);

- окуган жеринен 2 сунуш кат англис тилинде (түп нускалары жана үч көчүрмөсү);

- «онлайн» режиминде толтурулган анкетанын 3 нускасы (http:// laihua. csc.edu.cn);

- диплом жана анын тиркемесинин англис тилине которулган көчүрмөсү (бүтүндөй окуу мезгилиндеги жетишүүсү күбөлөндүрүлгөн табель) үч нускада;

- кытай тилинин деңгээли тууралуу сертификат (HSK);

- англис тилинин деңгээли тууралуу сертификат (TOEFL);

- кошумча билими тууралуу документтердин көчүрмөлөрү англис тилиндеги котормосу менен (эгер болсо);

- илимий басылмалардын көчүрмөлөрү (эгер болсо);

- социалдык активдүүлүгүн, жетишкен ийгиликтерин күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү;

- паспорттун көчүрмөсү;

- 3х4 өлчөмүндөгү фото сүрөт (6 даана);

- эссе (окуунун максатын сыпаттап берүү).

Талапкерлерге коюлуучу талаптар: конкурска бүтүрүүчү курстардын студенттери, жогорку билими тууралуу диплому бар адистер катыша алышат.

Бакалавр даражасына талапкерлерден  талап кылынчу  документтер:

  • резюме (орус жана англис тилдеринде);
  • окуган жеринен англисче жазылган 2 сунуштама кат (түп нускалары жана үч көчүрмөсү);
  • «онлайн» режиминде толтурулган анкетанын 3 нускасы (http:// laihua. csc.edu.cn);
  • орто билими тууралуу аттестаттын көчүрмөсү же жарым жылдыкта алган бааларын күбөлөндүргөн табель менен окуган жеринен маалымкат (англис тилиндеги котормосу менен) үч нускада;
  • зачеттук ведомосттун көчүрмөсү (англис тилиндеги котормосу менен);
  • кытай тилинин деңгээли тууралуу сертификат (HSK);
  • кошумча билими тууралуу документтердин көчүрмөлөрү англис тилиндеги котормосу менен (эгер болсо);
  • социалдык активдүүлүгү, жетишкен ийгиликтерин күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • 3х4 өлчөмүндөгү фото сүрөт (6 даана);
  • эссе (окуунун максатын сыпаттап берүү).

Талапкерлерге коюлуучу талаптар: конкурска мектептин бүтүрүүчүлөрү жана жогорку окуу жайынын студенттери катыша алышат.

Кытай тили боюнча тил үйрөнүү стажировкасынан өтүүчү талапкерлерден талап кылынчу  документтер:

  • резюме (орус жана англис тилдеринде);
  • окуган жеринен англисче жазылган 2 сунуштама кат (түп нускалары жана үч көчүрмөсү);
  • «онлайн» режиминде толтурулган анкетанын 3 нускасы (http:// laihua. csc.edu.cn);
  • орто билими тууралуу аттестаттын көчүрмөсү (англис тилиндеги котормосу менен);
  • жетишүүсүн күбөлөндүргөн табель, зачеттук ведомосттун көчүрмөсү (англис тилиндеги котормосу менен) үч нускада;
  • кытай тилинин деңгээли тууралуу сертификат (HSK);
  • социалдык активдүүлүгү, жетишкен ийгиликтерин күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • 3х4 өлчөмүндөгү фото сүрөт (6 даана);
  • эссе (окуунун максатын сыпаттап берүү).

Талапкерлерге коюлуучу талаптар: конкурска жогорку окуу жайынын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү катыша алышат.

Документтер 2014-жылдын 6-апрелине чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Бишкек шаары, Чүй проспекти, 205 конвертте «каб. № 629» белгиси болууга тийиш. Аталган документтер толук болбосо талапкердин арызы  каралбайт.

Маалымат алуу телефону: + 996 312 63 91 81.

Өкмөттүк стипендиялардын багыты боюнча Кытайда окууга «онлайн» режиминде анкетаны толтуруу боюнча студенттер үчүн нускама

  1. http://laihua.csc.edu.cn сайтына кириңиз.

Эскертүү: сайтка кирээрдин алдында катталуу керек.

  1. Катталгандан кийин «ONLAINE APPLICATION GUIDENCE» менен таанышып чыгып, андан ары нускама боюнча кете бериңиз.
  2. «NEXT» терезесин басып, өзүңүз каалаган программаны тандаңыз («Chiness Government scholarship» программасын тандоо керек).
  3. «Он-лайн» анкетасын толтуруунун эң негизги параметрлеринин бири «AGENCY. NO» болуп саналаарын эске алуу керек, ал «PERSONAL DATA» сабынан кийин биринчи катарда турат. Аны туура толтурганыңызды текшериңиз, анткени мындай болбогон учурда сиз анкетаны толтурууну уланта албайсыз.

СИЗДИН «AGENCY. NO» - 4171

  1. Барактын сол тарабындагы кадамдык нускамаларды толук аткарып, анкетаны так, туура толтурууну өтүнөбүз.

Арыз берүүчүлөр негизги адистикти тандаганга чейин окуу сабактарын тандашы керек. Сабактардын жана негизги адистиктердин тизмесин «HELP» терезесинен жүктөп алса болот.

  1. Анкетанын туура толтурулушун текшерип, «SABMIT» командасын басуу менен аны онлайн түрүндө жөнөтүңүз.
  2. «DOWNLOAD APPLICATION» терезесин басып, толтурулган анкетаңызды жүктөңүз жана анын үч көчүрмөсүн чыгарып алыңыз.
  3. Башка зарыл документтерди даярдап, бардык материалдарды КР Президентине караштуу Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын катчылыгына көрсөтүлгөн дарек боюнча жөнөтүңүз.
  • Анкетаны толтуруу үчүн 6.0 же 7.0 веб-браузери сунушталат.
  • Онлайн-анкеталар кытай жана англис тилдеринде гана кабыл алынат.