Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Администрациясынын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгы

МАЛДЫБАЕВА Салиман Жанузаковна 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы 

 

 


Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

Катчылык өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө Жобону, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссия жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

Катчылык өз ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын атынан жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын төрагасына жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисине отчет берет.

Катчылыктын негизги милдеттери жана функциялары

Катчылыктын негизги милдеттери болуп мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча анын ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу саналат.

Негизги милдеттерге ылайык катчылыкка төмөнкү функциялар жүктөлөт:

1) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын ишин уюштуруу жана тейлөө;

2) мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселелери боюнча мамлекеттик органдарга, уюмдарга жана мекемелерге консультациялык жана башка жардам көрсөтүү;

3) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия өткөрүүчү жыйналыштарга материалдарды даярдоо;

4) мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселелери боюнча Президенттин жарлыктарынын долбоорлорун даярдоо;

5) мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселелери боюнча Президенттин жарлыктарынын өз убагында аткарылышына контролдук кылуу;

6) мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселелери боюнча жарандардын каттарын, кайрылууларын жана арыздарын карап чыгуу;

7) мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынан келип чыккан башка функцияларды жүзөгө ашыруу.

Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгы жөнүндө Жободон

https://nagrada.srs.kg/