Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Администрациясынын Ырайым кылуу боюнча комиссиянын катчылыгы

КАЛМАТОВ Анарбек Баратович

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Ырайым кылуу боюнча комиссиянын жооптуу катчысы 

 

 


Ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссиянын катчылыгы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссиянын катчылыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө Жобону, Кыргыз Республикасында ырайым кылууну жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө Жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

Катчылык өз ишин Президенттин Аппаратынын атынан жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссиянын төрагасына жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисине отчет берет.

Катчылыктын милдеттери жана функциялары

Катчылыктын негизги милдети болуп ырайым кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча анын ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу саналат.

Негизги милдетке ылайык катчылыкка төмөнкүдөй функциялар жүктөлөт:

1) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссиянын ишин уюштуруу жана тейлөө;

2) ырайым кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдарга, мекемелерге консультациялык жана башка жардам берүү;

3) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссия өткөргөн жыйналыштарга материалдарды алдын-ала даярдоо;

4) ырайым кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президенттин жарлыктарынын долбоорлорун даярдоо;

5) ырайым кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президенттин жарлыктарынын өз убагында аткарылышын контролдоо;

6) ырайым кылуу маселелери боюнча жарандардын өтүнүчтөрүн жана арыздарын, каттарды кароо;

7) Ырайым кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынан келип чыккан башка функцияларды жүзөгө ашыруу.

Ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссиянын катчылыгы жөнүндө Жободон


 Калматов Анарбек Баратович

Президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы