Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Администрациясынын Жарандык боюнча комиссиянын катчылыгы

ШУКУРБЕКОВ Улугбек Абдималикович 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жарандык боюнча комиссиянын жооптуу катчысы 

 


Жарандык маселелери боюнча Комиссиянын катчылыгы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссиянын катчылыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет.

Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамды, Кыргыз Республикасында жарандык маселелерин кароо тартиби жөнүндө Жобону, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө Жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

Катчылык өз ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Өкмөтүнүн Аппараты, Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.

Катчылыктын милдеттери жана функциялары

Катчылыктын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) жарандык маселелерин чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине жүктөлгөн конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссиянын (мындан ары - Комиссия) ишин маалыматтык-талдоо, уюштуруу-усулдук, документтик жана укуктук жактан камсыз кылуу;

2) Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүү, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыздарды алдын ала кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине алар боюнча сунуштарды даярдоо.

Катчылыктын функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) министрликтерден, администрациялык ведомстволордон жана башка мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын Президентинин, Комиссиянын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын дарегине келип түшкөн катчылыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча каттарды жана кайрылууларды кароо;

2) жарандык маселелер боюнча эл аралык уюмдар менен өз ара тыгыз аракеттенүү;

3) жарандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, ошондой эле эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн материалдарды даярдоого катышуу;

4) Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча кеңешмелерге, конференцияларга жана башка иш-чараларга катышуу.

Жарандык маселелери боюнча Комиссиянын катчылыгы жөнүндө Жободон


 

ШУКУРБЕКОВ Улугбек Абдималикович

 жарандык маселелери боюнча Комиссиянын жооптуу катчысы