
Мамлекеттик сыйлыктар
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары болуп төмөнкүлөр саналат: Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы 'Кыргыз Республикасынын Баатыры', ушул Мыйзамда белгиленген Кыргыз Республикасынын ордендери, медалдары жана Ардак грамотасы. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды, жарандыгы жок адамдарды сыйлоонун жана алардын мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын арттырууга кошкон салымын, ошондой эле мамлекеттин жана элдин алдындагы коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук жана иштин башка түрлөрүндөгү сиңирген эмгегин таануунун эң жогорку формасы болуп саналат.